www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенттигине талапкер Джо Байден эң маанилүү штаттардын бири Висконсинде жеңишке жетишти. Бардык бюллетендер тандалып алынганда, Байден 49,5 пайыз, Дональд Трамп 48,8 пайыз добуш алган. Бул тууралуу MSNBC каналы билдирди.

Белгилей кетсек, Висконсинде Байден менен Трамп алган добуштардын айырмасы 1 пайызга жетпейт. Бул жыйынтыкка Трамп нааразы болуп ызы-чуу чыгарышы толугу менен мүмкүн.

1992-жылдан бери штатты демократтар жеңип, 2016-жылы гана алар Трампты колдогон. Адатта, АКШда республикачыларды же демократтарды гана колдогон штаттар бар. Ошондуктан шайлоо алдындагы сурамжылоолор жана божомолдор АШКнын “солкулдап” турганын айткан.

Алар 12 штатты аныкташты. Алар: Аризона, Флорида, Джорджия, Айова, Мичиган, Миннесота, Нью-Гэмпшир, Түндүк Каролина, Огайо, Пенсильвания, Техас жана Висконсин.

Буга чейин Трамп эгерде шайлоодон жеңилип кала турган болсо митинг кыла тургандыгын расмий жарыялаган. Бир нече сааттардан кийин АКШ дүрбөлөң мамлекетке айланып, Трамп менен Байдендин тиреши башталат.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости