www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамптын шайлоодон жеңилишине ким күнөөлү?

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп шайлоодо аз добуш алып калганына ким күнөөлүү экенин айтып чыкты. Айтымында, өлкөдөгү ири фармацевтикалык, технологиялык компаниялар жана массалык маалымат каражаттары анын аз добуш алып, жеңилүү ызаасын тартуусуна кол кабыш кылышкан. Анын пикирин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Ири фармацевтикалык компаниялар шайлоо алдында мага каршы миллиондогон долларды чапчыган негативдүү жарнама чыгарышкан. Бирок билесиңерби, биз муну аныктайбыз. Дээрлик 74 миллион добуш. Ири фармацевтикалык компаниялар, жалпыга маалымдоо каражаттары мага каршы болду. Чоң технологиялык компаниялар да бизге каршы болушту", - деген ал.

Ошондой эле Трамп дары каражаттарын өндүргөн "Pfizer" ири компаниясына доо койгон. Анын пикиринде аталган компания ("BioNTech" немис компаниясы менен өндүргөн) коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын ийгиликтүү жыйынтыгын жарыялоону атайын кечеңдеткен. Бул Трамптын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатпоо үчүн жасалган деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, АКШдагы президенттик шайлоо 3-ноябрда өтүп, ага Дональд Трамп менен Джо Байден катышкан. Коронавирус пандемиясына байланыштуу добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын чыгаруу кечеңдеп жатканы менен, Джо Байден керектүү добуш топтоп, жеңишке жетишкендигин көпчүлүк басылмалар жазып чыгышкан. Ал эми Трамп бир топ аймактарда мыйзам бузууларга жол берилип, анын жеңиши уурдалганын айтып келет.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости