www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грециянын борборунда кеминде 36 адамдын өмүрүн алган поезд кагылышынан кийин Грециянын транспорт министри Костас Караманлис кызматтан кетти. Кырсык 1-мартка караган түнү болгонун Naftemporiki басылмасы билдирди.

Караманлис: "Мен муну маркумдардын элесин урматтоонун минималдуу белгиси катар эсептейм, ошондой эле,  мамлекеттин жана саясий системанын көп жылдардан бери келе жаткан каталары үчүн жоопкерчиликти алам" деди.

Министр кырсык болгон темир жолдун абалы "21-кылымга туура келбегенин" белгиледи. "Үч жарым жыл ичинде биз кырдаалды жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшадык. Тилекке каршы, бул аракеттер кырсыктын алдын алуу үчүн жетишсиз болду", - деди Костас Караманлис.

Поезддердин кагылышы Темпи шаарына жакын жерде, Лариса шаарынан алыс эмес жерде, Евангелисмос станциясында болгон. Ал Афинадан 200 км түндүк-батыш тарапта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости