www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы билим берүүнүн сапатын арттырууга багытталган долбоор даярдалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаеванын Широ Наката баштаган Дүйнөлүк банктын билим берүү маселелери боюнча иш алып барган адистери менен жолугушуусунда айтылды.

Долбоорго 25 млн АКШ доллары бөлүнүп, университеттер аралык беш илимий борборду түзүүгө жумшалат. Илимий борборлордо мамлекетке маанилүү тармактар боюнча, анын ичинен экономикалык максаттагы долбоорлорго тиешелүү изилдөө иштери жүргүзүлүп, окуу жайлардын дүйнөлүк рейтингин жогорулатууга кызмат кылат.

Дүйнөлүк банктын билим берүү маселелери боюнча иш алып барган адиси Широ Наката демилгеленген долбоор толук кандуу ишке ашса Кыргызстандагы университеттердин рейтинги жогорулатууга жана илим ишинин алдыга жылуусуна өбөлгө түзүлөрүн белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости