www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы (ТүркПА) аталышын өзгөрттү. Мындай чечим Чолпон-Атада өтүп жаткан ТүркПА кеңешинин 11-отурумунда кабыл алынды.

Ага ылайык, мындан ары аталган уюм "Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы" деп аталат.

"Биз уюмдун аталышын өзгөртүү чечимин кабыл алдык. Бүгүн документтерге кол коюлат", — деди жыйынга төрагалык кылган Казакстан парламентинин төрагасы Ерлан Кошанов.

Аны менен катар уюмдун жаңы туусу жана логотиби бекитилди.

Ошондой эле Кошанов жыйындын башында ТүркПАнын төрагалыгын Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытовго өткөрүп берди.

Белгилей кетсек, ТүркПАга Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө. Ал эми Венгрия байкоочу макамында катышууда. Өзбекстан менен Түркмөнстандын делегациялары ардактуу конок катары чакырылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости