www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия 2027-жылдын алгачкы айларында Айга өзүндө иштелип чыккан биринчи космостук аппаратын жөнөтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Каджыр билдирди.
Министрдин айтымында, аппарат түрк инженерлери тарабынан жасалып, гибриддик ракета кыймылдаткычы менен жабдылат. Аны учуруу боюнча даярдыктар аяктап, бардык негизги сыноолор ийгиликтүү өткөн.
Каджыр Түркия спутник технологияларында BİLSAT, RASAT, GÖKTÜRK-2, Türksat 6A жана İMECE долбоорлору аркылуу олуттуу тажрыйба топтогонун белгиледи.
Анын айтымында, Ай миссиясы өлкөнүн космостук технологияларын өнүктүрүү жана космоско көз карандысыз чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча стратегиялык кадам болот.