www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда ички иштер органдарынын 2026-жылдын жети айындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, алдыдагы милдеттер белгиленди.

14-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында 2026-жылдын жети айындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгына арналган ыкчам кеңешме өттү.

Жыйынга Чүй ОИИББнын башчысы, милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов, анын орун басарлары, башкармалыктардын жана кызматтардын жетекчилери, ошондой эле шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Кеңешмеде кылмыш иштерин тергөөнүн уюштурулушу, ири өлчөмдө материалдык чыгым келтирген кылмыштардын бетин ачуу, ошондой эле Чүй ОИИББнын тескемесинин негизинде жүргүзүлгөн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыктары талкууланды.

Чүй ОИИББнын башчысы жетишилген ийгиликтер менен катар орун алган кемчиликтерге токтолуп, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштардын алдын алуу жана бетин ачуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле туристтик сезон маалында коомдук жана жол коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу, алдыда өтө турган мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларда ИИМ жетекчилиги тарабынан коюлган тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча милдеттер коюлду.

Кеңешменин жыйынтыгында 2026-жылдын калган мезгилине карата артыкчылыктуу багыттар аныкталып, укук бузуулардын алдын алуу, кызматтык тартипти бекемдөө жана Чүй облусунун тургундары менен конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Последние новости