www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-августта саат 12:30 чамасында Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндө жол кырсыгы катталганын Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Kia K5» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу батышты көздөй бара жатып, Тыныстанов көчөсү менен кесилишкенден кийин каптал көчөгө оңго бурула баштаган. Бул учурда «Mercedes-Benz» автобуска ылайыкталган тилке менен бара жаткан. Унаалар кагылышып, андан соң «Mercedes-Benz» бакты сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен анын айдоочусу жана жүргүнчүсү жабыркаган. Алар тез жардам унаасы менен медициналык мекемеге жеткирилди.

Эки унаа тең айып короого токтотулду. Соттук экспертизалар дайындалды, тергөө уланууда.

Последние новости