www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Римге жакын жайгашкан Коллеферро шаарында ок-дарыларды чыгаруучу «KNDS Ammo Italy» ишканасында өрт чыгып, андан соң жардыруу орун алды.
Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, жардыруу ишканада өрт башталып, окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр менен полиция келгенден кийин болгон. Болжолдуу түрдө, окуя порох басыла турган тилкеде катталган.
Компаниядан билдиришкендей, жабыркагандар жок. Окуя болгон учурда завод жайкы каникулга жабык болгондуктан, аймакта аз сандагы гана кызматкерлер болгон.
Маалыматтарга ылайык, Веллетри прокуратурасы иликтөө иштерин баштады, анын ичинде өрттөө версиясы да каралууда. Окуя болгон жерде тергөө тобу иштеп жатат.