www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК Кыргызстанда өзгөчө коркунучтуу синтетикалык баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу менен алектенген эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Атайын операциянын жүрүшүндө кылмыштуу топтун үч мүчөсү — 2002-жылы туулган А.Т.А., 2000-жылы туулган А.у.Д. жана 2000-жылы туулган О.Р.Н. кармалды.

Алардын унаасын жана жеке буюмдарын тинтүү учурунда 6–7 миң жолку дозага барабар өзгөчө ири өлчөмдөгү синтетикалык баңгизат табылып, алынган. Анын көмүскө рыноктогу болжолдуу чекене баасы 10 млн сомдон ашат.

Учурда баңгизатты жеткирүү каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнүн бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар уланууда.
УКМК баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертти.
