www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Сауд Арабиясына аскерин жайгаштырат

Түркиянын бийлиги Сауд Арабиясына аскердик контингент жайгаштырууга уруксат берүүчү документти парламентке сунуштоону пландап жатат.

Reuters агенттигинин маалымдашынча, бул тууралуу бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын депутаты билдирген.

Анын айтымында, документ Түркия, Пакистан жана Сауд Арабиясынын ортосунда түзүлгөн өз ара коргонуу боюнча Мекке келишими ратификациялангандан кийин парламентке киргизилет.

Алгачкы этапта Сауд Арабиясына техникалык кызматкерлер жана коргонуу тармагындагы адистер жөнөтүлөт. Алар өлкөнүн абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө жана радиоэлектрондук күрөш жаатында колдоо көрсөтүүгө катышат.

Маалымат булагынын билдиришинче, чет өлкөлөрдө жайгаштырылган түрк аскер бөлүктөрү чабуул коюу операцияларына катышпайт.

Последние новости