www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын алдамчылык жолу менен алуу фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Т.Б. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, С.З. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.