www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Новопавловка айылында жашы жете электердин катышуусундагы окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуяга катыштыгы бар 2009 жана 2010-жылы туулган үч өспүрүм аныкталып, жагдайларды тактоо үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Ошондой эле жабырлануучу катары көрсөтүлгөн өспүрүмдүн атасы окуяга тиешеси бар адамдарга карата мыйзам чегинде чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Последние новости