www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Ички иштер министрлиги көзү ачыктарды, сыйкырчыларды, сойкуларды, алардын кардарларын жана жакындарын, ошондой эле баңгизатка көз каранды адамдарды камтыган атайын маалымат базасын түздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы расмий сайтында маалымдады.

Министрликтин билдирүүсүндө, коомдо «ырым-жырымдардын, көзү ачуунун, сыйкырчылыктын жана башка ушундай иштердин» жайылышына жол бербөө максатында көзү ачыктардын, сыйкырчылардын, көчөлөп жүргөн жалганчы молдолордун, сойкулардын, алардын кардарларынын жана жакындарынын, баңгизатка көз каранды адамдардын, ошондой эле ушул сыяктуу иштерге тиешеси бар башка адамдардын жеке маалыматтары чогултулары айтылган.

Ведомствонун маалыматына ылайык, маалымат базасына киргизилген жарандар туруктуу көзөмөлдө болот. Алар тууралуу маалымат тиешелүү органдардын суроо-талабы боюнча берилет.

ИИМ Тажикстандын калкын мындай адамдар менен байланышуудан алыс болууга чакырып, антпесе өздөрү да атайын каттоого алынып, «балдарынын алдында аброюна шек келтириши» мүмкүн экенин эскерткен.

Билдирүүдө айтылгандай, Дйшөнбү шаары боюнча ИИМ башкармалыгы ушул жылдын биринчи жарымында көзү ачуучулукка байланыштуу 93 фактыны каттап, анын жыйынтыгында беш адамга карата кылмыш ишин козгогон.

Тажикстанда сыйкырчылык жана көзү ачуучулук үчүн 80ден 100гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул (6–7,5 миң сомони же болжол менен 54–67 миң рубль) же 10–15 суткага административдик камакка алуу жазасы каралган.

Эреже бир жыл ичинде кайра бузулса, 110 миңден 150 миң сомониге чейин айып пул салуу (болжол менен 888 миңден 1,3 миллион рублга чейин) же бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Последние новости