www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү Чүй облусунун Кант шаарындагы жана Ивановка айылындагы катуу тиричилик калдыктары төгүлүүчү жайлардын абалы менен таанышты. Текшерүүнүн жүрүшүндө таштандыларда метан газынын топтолушунан улам өзүнөн-өзү тутануу жана түтөп күйүү учурлары аныкталды.

Министрдин орун басары Асель Раимкулованын жетекчилигиндеги жумушчу топ Ысык-Ата районуна иш сапары менен барып, таштанды полигондорундагы кырдаалды жеринен көрдү.

Маалыматка ылайык, Гагарин айыл аймагындагы 1970-жылдардан бери иштеп келе жаткан, аянты 11 гектарды түзгөн полигонго алты калктуу конуштун тиричилик калдыктары чыгарылат.

Министрликтин маалыматына караганда, органикалык калдыктардын чиришинен метан газы бөлүнүп чыгып, таштандынын терең катмарларында жылуулук топтолот. Температура 60–80 градуска чейин көтөрүлгөндө, кагаз, кургак чөп жана пластик сыяктуу күйүүчү материалдардан улам таштандылар өзүнөн-өзү тутанып кетиши мүмкүн. Өрттүн очогу бир нече метр тереңдикке чейин жайылып, калдыктар узак убакыт түтөп күйүшү ыктымал.

Заманбап полигондорду куруу пландалууда

Министрлик башаламан таштанды төгүүчү жайларды жоюу максатында катуу тиричилик калдыктары үчүн заманбап полигондорду долбоорлоо, пайдалануу жана рекультивациялоо боюнча техникалык ченемдер иштелип чыгып, кабыл алынганын билдирди.

Бул багыттагы иштер Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы №525 токтому менен бекитилген тартиптин негизинде жүргүзүлөт. Техникалык талаптарды сактоо таштандылардын күйүп-түтөшүн жана зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышын азайтууга багытталган.

Таштандыларды сорттоо комплекси курулат

Кант шаарынын мэриясы полигондун аймагында пластик, кагаз, алюминий банкалар жана айнек сыяктуу кайра иштетүүгө жарактуу калдыктарды бөлүп алуу үчүн сорттоо линиясын орнотууну пландап жатат.

2024-жылдан бери министрлик, Евразия өнүктүрүү банкы, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду жана «ТазаБио Сервис» ЖЧКсынын ортосундагы меморандумдун негизинде таштандыларды сорттоо пунктун түзүү долбоору ишке ашырылууда.

Долбоор алты компоненттен турат. Учурда анын алгачкы төрт компоненти аяктап, техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу иштери жыйынтыктоо баскычында турат.

Долбоорго 30 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуу каралган. Комплексти 2030-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Долбоордун алкагында таштандыларды сорттоо жана алардан альтернативдүү отун өндүрүү линиясы, жылына 16,5 миң тонна органикалык калдыктарды иштетүүгө жөндөмдүү компосттоо станциясы, жергиликтүү тазалоочу курулмалар жана кайра иштетилген чийки заттарды сактоочу кампалар курулат.

Министрлик айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүп, долбоорду ишке ашырууну тездетүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтөрүн билдирди.

Последние новости