www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2027–2028-жылдары Кыргызстанда жаңы конуштарды жана айылдарды газдаштыруу пландалбайт. Бул тууралуу парламентте «Газпром Кыргызстандын» башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.
Анын айтымында, буга Казакстанда магистралдык газ куурунун курулушу жана Бишкектин түштүк-батышындагы «Маловодное» газ бөлүштүрүү станциясын реконструкциялоо себеп болууда.
Модернизациядан кийин станциянын өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 10 миң куб метрден 80 миң куб метрге чейин көбөйөт. 2027–2028-жылдардагы инвестициялык каражаттар ушул иштерге багытталат.
Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанды газдаштыруу деңгээли 44%ды түзөт. Газ тармактарына 462 миң абонент туташтырылган.