www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Швейцария Конфедерациясынын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине көңүл бурулду.

Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташтык акыркы мезгилде жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, 2026–2029-жылдарга карата кызматташтык программасы кабыл алынганын айтты. Ошондой эле гидроэнергетика, инфраструктура, саламаттык сактоо, финансы, билим берүү жана туризм тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Төрага Швейцариянын ишкерлерин Кыргызстандагы ири долбоорлорго инвестиция салууга чакырды. Анын айтымында, өлкөдө инвестициялык шарттарды жакшыртуу, мыйзамдарды өркүндөтүү жана эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү багытында иштер жүргүзүлүүдө.

Өз кезегинде Пьер-Андре Паж Швейцария Кыргызстан менен түзүлгөн кызматташтыкты жогору баалай турганын белгиледи. Ал энергетиканын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана ишкердикти үйрөтүү жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн айтты. Жолугушууга катышкан швейцариялык ишкерлер да инвестициялык кызматташтык боюнча пикирлерин билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин эки өлкөнүн ортосунда 32 келишимге кол коюлган.

Жолугушуунун соңунда Марлен Маматалиев швейцариялык кесиптешин Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жана парламентте колдонулуп жаткан санариптик мүмкүнчүлүктөр менен тааныштырды. Ошондой эле Пьер-Андре Пажды 2027-жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиева, Талайбек Масабиров, Гуля Кожокулова жана Исманали Жороев катышты.

Последние новости