www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн, 21-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан “Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу: келечек муундардын туруктуу жана адилеттүү өнүгүүсүнө карай жол” аттуу дүйнөлүк саммитке жана Балдар онкологиясы боюнча II эл аралык конгресске катышты.

Иш-чарада Айгүл Жапарова балдардын ден соолугуна жана келечегине кайдыгер карабаган адамдарды бириктирген бүгүнкү жолугушуу ал үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

“Бүгүн мен жүрөгүмө өтө жакын кабыл алган, көңүл өйүткөн темага – онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарга натыйжалуу жардам көрсөтүү маселесине токтолгум келип турат. Чындыгында Кыргызстанда мындан он жылдан ашык убакыт мурун балдар онкологиясы жана аларга көрсөтүлүүчү медициналык жардам абдан эле чектелүү болчу. Ачыгын айтканда, көйгөй барып-барып эле каражатка такалчу. Соңку жылдары бул багытка өзгөчө көңүл бурулуп, көп нерсе өзгөрүп, түзүлгөн жагдай жакшыра баштады. Балдар онкологиясын каржылоо эки жүз эсеге өстү. Бирок биз үчүн бөлүнгөн каражат эмес, анын натыйжасында келип чыгуучу реалдуу өзгөрүүлөр маанилүү. Бүгүн борбор шаарыбыз Бишкекте жана экинчи чоң шаарыбыз Ошто дарылоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, заманбап диагностика жана дарылоо базасы өнүгүүдө, балдар керектүү дары-дармектер менен камсыз болууда”, - деди биринчи айым.

Ошону менен бирге ал Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда паллиативдик жардам көрсөтүүчү бөлүм ачылып, дартка кабылган балдардын ата-энелерине үмүттүн оту жанганына токтолду. Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү окуялардын бири – 2024-жылы биринчи жолу жилик чучугун трансплантациялоо операциясынын жүргүзүлүшү болду.

Ал өз сөзүндө онкологиялык илдеттерге каршы күрөш жүрүп жатканы менен, дүйнөлүк коомчулуктун алдында олуттуу чакырыктар дагы деле курч бойдон турганын айтты.

Жыл сайын дүйнө жүзүндө болжол менен 400 миң балага онкологиялык оору диагнозу коюлат.

“Тилекке каршы, баланын айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү анын кайсы өлкөдө төрөлгөнүнө байланыштуу болуп жатат. Тагыраак айтканда, кирешеси жогору өлкөлөрдө онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын 80 пайыздан ашыгы айыгып кетүүдө.

Ал эми кирешеси төмөн же орто болгон өлкөлөрдө бул көрсөткүч кыйла төмөн бойдон калууда. Мындай көрсөткүчтөрдүн артында өз убагында туура диагноз коюу, керектүү дары-дармектерди алуу жана заманбап ыкмалар менен дарылоо, дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жана үй-бүлөнүн дарылоо курсун толук алуу көйгөйү турат”, - деп белгиледи Айгүл Жапарова.

Буга байланыштуу биринчи айым балдар онкологиясы жаатында биздин өлкөлөрдүн тыгыз кызматташтыгы башкы максат болууга тийиш экенин өзгөчө белгиледи. Бүгүн балдар онкологиясы тууралуу олуттуу маселе талкууланууда. Бул талкуунун биргелешкен демилгелерге жана иш жүзүндө жүзөгө ашырыла турган натыйжалуу чечимдерге жол ачышы маанилүү.

“Тажрыйба алмашууну жандантырып, адистерди биргелешип ыкчам даярдоо аркылуу медициналык мекемелердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдообуз зарыл. Ошондой эле баласынын дартына даба издеп, чет өлкөлөрдөгү ооруканалардын эшигин каккылоого аргасыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоонун жаңы механизмдерин да биргелешип иштеп чыгышыбыз кажет.

Биздин элде ”Жабыла көтөргөн жүк жеңил“ деп айтылган накыл кеп бар. Анын сыңарындай, бир мамлекет үчүн кыйынга турган ишти жабыла, биргелешип жасасак, албетте, баарыбызга кыйла жеңил болот”, - деп кошумчалады Айгүл Жапарова.

Ал Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Глобалдык демилгеси 2030-жылга чейин дүйнө жүзүндө онкологиялык ооруларга чалдыккан балдардын кеминде 60 пайызынын өмүрүн сактап калууга жетишүү максатын койгонун эске салды.

“Мен, Борбор Азия, бул максатка жетүүгө олуттуу салым кошуп, балдардын өмүрүн сактап калууда натыйжалуу аймактык кызматташтыктын үлгүсүн көрсөтө алат деп ишенем. Ар бир бала, кайсы жерде төрөлгөнүнө жана кайсы жерде жашаганына карабастан, өз убагында жардам алууга, сапаттуу дарыланууга укуктуу. Биз биргелешкен аракеттерибиз менен бул мүмкүнчүлүктү реалдуулукка айланта алабыз деп бекем ишеним менен айта алам”, - деп жыйынтыктады Айгүл Жапарова.

Белгиленгендей, иш-чарага Өзбекстан, Албания, Зимбабве, Ливан, Пакистан жана Түркиянын биринчи айымдары да катышууда. Мындан тышкары, саммиттин ишине дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, алдыңкы эксперттер жана адистер катышып, балдардын бакубаттуулугу, ден соолугу, билим алуусу, корголушу жана социалдык колдоосу боюнча эң маанилүү маселелерди талкуулашууда.

Саммиттин жыйынтыгында конкреттүү аракеттерге жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого чакырган балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу боюнча Самарканд декларациясы кабыл алынат.

Последние новости