www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун Китаб районунда Азербайжан менен биргелешкен алтын казып алуу долбоору ишке ашырылат.
Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, долбоор тууралуу 21-октябрда Шавкат Мирзиёевдин аймакка болгон сапары учурунда маалымдалган.
Сапардын алкагында жалпы баасы 6 миллиард доллардан ашкан 161 долбоор тааныштырылган. Алардын 69у ишке киргизилип, дагы 92 объекттин курулушу башталган.
Мирзиёевдин айтымында, акыркы беш жылда Кашкадарыя облусуна 20 триллион сум багытталып, 7 миллиард доллар чет элдик инвестиция тартылган. Бул мезгилде аймактагы калктын жан башына эсептелген кирешеси үч эсеге өскөн.
Өзбекстандын президенти 2027-жыл Кашкадарыяны заманбап өнөр жай жана агротехнологиялардын негизинде өнүктүрүү жылы болорун белгилеген.