www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи айым Айгүл Жапарова Самарканд шаарындагы өзгөчө муктаждыгы бар балдарга билим берүү жана реабилитациялык жардам көрсөтүүчү IMKON борборунун ачылышына катышты.
Иш-чара «Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу» аттуу Дүйнөлүк саммиттин жана Балдар онкологиясы боюнча II эл аралык конгресстин алкагында өттү.
Борбордо балдарга мектепке чейинки билим берүү, реабилитациялык, психологиялык жана коррекциялык-педагогикалык жардам көрсөтүлөт. Анда дарылоочу дене тарбиясы, акватерапия, музыкалык жана жомок терапиясы сыяктуу ыкмалар колдонулат.
Учурда Өзбекстанда мындай беш мекеме иштейт. Алардын ишмердүүлүгү мамлекеттик бюджеттен каржыланат.