www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Новопавловкада теңтушун сабаган 2010-жылы туулган А.А. аттуу өспүрүм убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу 22-октябрда Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция буга чейин окуянын катышуучулары 2010-жылы туулган С.Б. (жабырлануучу), ошондой эле 2010-жылы туулган А.А. жана 2009-жылы туулган С.А. аттуу өспүрүмдөр болгонун билдирген.

Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн үчөө тең милиция бөлүмүнө жеткирилген. Жабырлануучунун атасы арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Сабоого шектелген өспүрүм Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция зомбулук, бейбаштык жана башка укукка каршы аракеттер, анын ичинде жашы жете электердин катышуусундагы мыйзам бузуулар жоопкерчиликке алып келерин эскертти.

Учурда тергөө уланууда.

Последние новости