www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда полиция Адана шаарынын жанындагы АКШнын Инжирлик авиабазасына кирүүгө аракет кылган демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Түркиянын NTV телеканалынын маалыматына караганда, Израил менен АКШнын аракеттерине каршы чыккан адамдар авиабазаны жабууну талап кылышкан.

Телеканалдын маалыматына караганда, нааразылык акциясына чыккандардын айрымдары Аданага Стамбулдан келишкен, аларга башка шаарлардын тургундары да кошулган. Полиция авиабазанын жанындагы көчөлөрдү жаап салды. Демонстранттар базага талаалар аркылуу кирүүгө аракет кылганда полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, суу бүрктү.

Бул арада башка өлкөлөрдө да Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтотууну талап кылган массалык акциялар уланууда. АКШ, Канада, Европа, Жакынкы Чыгышта, Азия менен Африкада палестиналыктарга тилектештик билдирген демонстрацияларга он миндеген киши катышты. Катышуучулар “Палестинага эркиндик” деген ураан чакырып турушту. Вашингтондо ишемби, 4-ноябрда жаңжал башталгандан берки эң ири акция өткөнү кабарланды.

Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Израил армиясынын аба соккуларынан набыт болгондордун саны 9 миңден ашты. Алардын 3 миңден көбү балдар экенин буга чейин ЮНИСЕФ белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости