www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик жакында Орусияга каршы 12-санкция пакетин сунуштайт. Бул тууралуу кечээ, 4-ноябрда Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен биргелешкен маалымат жыйынында билдирди.

«Жакында биз 12-санкциялар пакетин сунуштайбыз. Жаңы чаралар импорт жана экспортко тыюу салууларды камтыйт”, - дейт Еврокомиссиянын башчысы.

Анын айтымында, жаңы чектөө мунайдын баасынын жогорку чегин жана Россиянын санкцияларды айланып өтүшүнө жол бербөөнү карайт.

"Bloomberg" агенттигинин маалыматына ылайык, Евробиримдиктин Орусия Федерациясына каршы чектөө чараларынын 12-пакетинде 5 миллиард евролук соода чектөөлөрү камтылышы мүмкүн. Жаңы пакетте ширетүүчү жабдууларды, химиялык заттарды жана аскердик максатта колдонулган башка технологияларды экспорттоого чектөөлөр киргизилиши күтүлүүдө. Ошондой эле металлды, курулуш материалдарын, транспорт каражаттарын жана алмазды ташып келүүнү чектөө каралууда.

Эскерте кетсек, Өзбекстандагы 2 компания Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын 11-пакетинин "Кара тизмесине" кирген. Чындыгын алганда улуу держава Россия үчүн Евробиримдиктин атайын чектөөлөрү чымын чаккандай деле болбосо керек.

Батыш тарап, тактап айтканда Евробиримдик өзүнүн бактысыз “кара тизмесин” бир нече жылдан бери аларга моюн сунбагандарга колдонуп, кыйындарга муштумун кезеп келгенине көп жылдардын жүзү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости