www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.

Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 29-сентябрда шектүү Мурас-Ордо жаңы конушундагы үйүн сатам деген шылтоо менен жабырлануучудан 29 миң доллар алып кеткен. Ал үйүн үчүнчү жактарга сатып, изин жашырып кеткен.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран кармалды. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция шектүүнүн аракеттеринен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(500) 03-03-05 жана 102 номурларына кайрылууга чакырат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости