www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда чыгарылган "Огайо" классындагы атомдук суу астында жүрүүчү кеме Жакынкы Чыгышка келди. Бул тууралуу 5-ноябрда Куралдуу күчтөрдүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) X социалдык тармагында (мурдагы Twitter) билдирди.
"Огайо" классындагы суу астында сүзүүчү кеме АКШнын Борбордук командачылыгынын жооптуу аймагына келди", - деп айтылат департаменттин билдирүүсүндө.
CENTCOMдун жоопкерчилиги 21 өлкөнү, анын ичинде Египет, Израиль, Иран жана Сирияны камтыйт.
Буга чейин 4-ноябрда АКШнын Аскер-деңиз флотунун "Дуайт Эйзенхауэр" флагмандык авианосеци сокку уруу тобу менен бирге Жакынкы Чыгышка келген.
Буга чейин 31-октябрда Пентагон Ирандын колдоосу менен АКШ күчтөрүнө каршы чабуул улана берсе, чара көрүүгө даяр экенин билдирген. Пентагондун башчысынын айтымында, америкалык аскерлер Иран колдогон куралдуу топтор тарабынан бир нече жолу чабуулга кабылган.
Белгилей кетсек, 7-октябрдын таңында Хамас кыймылы Израилдин аймагын Газа тилкесинен массалык ракеталык аткылаган соң Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуп кеткен. Ошол эле күнү Израил Газа тилкесиндеги буталарга жооп кайтара баштаган.
Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Израил армиясынын аба соккуларынан набыт болгондордун саны 9 миңден ашты. Алардын 3 миңден көбү балдар экенин буга чейин ЮНИСЕФ белгилеген.
Булак: NazarNews.kg