www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда Түндүк Атлантика блогуна кирген 15 өлкөнүн аскер кызматкерлеринин катышуусунда НАТОнун деңиз күчтөрүнүн машыгуулары башталды. Бул тууралуу Milliyet басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, Жер Ортолук жана Эгей деңиздериндеги Dynamic Mariner - Mavi Balina - Nusret - 2022 масштабдуу маневрлери 11-сентябрда башталган жана 22-сентябрга чейин уланат. 2023-жылдын 1-январынан тарта Анкара Лондондон НАТОнун Тез аракеттенүүчү күчтөрүнүн деңиз бөлүгүнүн командачылыгына өтөт.

Машыгууларга "Санжактар" амфибиялык чабуулчу кемеси жана жеңил учак ташуучу катары конфигурациялана ала турган "Анадолу" универсалдуу десанттык кемеси тартылары белгиленген. Алар Түркияда курулган.

Буга чейин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Финляндия менен Швециянын альянска мүчөлүгү боюнча Түркия менен пикир келишпестиктер дагы эле уланып жатканын билдирген. Ал кошумчалагандай, учурда НАТОго кирген 30 өлкөнүн 24ү, анын ичинде АКШ Хельсинки менен Стокгольмду блокко кабыл алуу жөнүндө протоколго кол коюшту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости