www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТүркПА отурумунда кабыл алынган чечимдер

ТүркПАнын XI пленардык отурумунун жыйынтыгында бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйын Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытовдун төрагалыгы алдында өттү.

Кабыл алынган чечимдер:

"Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы" деген аталыш "Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясы" деп өзгөртүлдү;

Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын социалдык ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча типтүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды;

Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын катчылыгынын 2021-2022-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча отчёттор, аталган мезгилдеги бюджеттин аткарылышы боюнча баяндамалар жасалды;

Өзбекстанда жана Кыргызстанда былтыр өткөн президенттик жана парламенттик шайлоолор боюнча Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын байкоочулар миссияларынын отчёттору кабыл алынды;

Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын 2023-2028-жылдарга карата стратегиялык жол картасы бекитилди;

2023-жылы аткарылуучу иш-чаралардын планы жана бюджети такталды;

ТүркПА комиссияларынын төрагалары дайындалып, алардын орун басарлары шайланды;

Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынды.

ТүркПАнын кийинки отуруму 2023-жылдын 27-29-апрель күндөрү Стамбулда өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости