www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев коомдо кызуу талкуу болуп жаткан "Жыргалаң" шахтасы боюнча өз пикирин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

"Жыргалаң" шахтасы боюнча өз пикиримди айтпасам болбой калды.

Элдин тили менен айтканда губернатор кезимде шахтага барганда токтоп турганына өкүнгөм.

Көп сөздөр айтылып, көп талаштар болгон. Айтса сөз көп.

Ошондо бала бакчанын жанында Сабыр Жапаровдун салынып жатып токтоп калган үйүн алалы же бузалы деп мага сунуш кылышкан. Мен ошондо жеке менчик кантип аласыңар же бузасыңар Сабыр аванын өзүнөн сурайбыз тийбегиле деп буздурбай койгом.

Эмне себептен токтогонун азыр билип отурабыз.

Канткен менен ошол айылда көмүр кени казылып баштаганы көп олжо. Маанилүү болгону башталды. Калганы келет мен ишенем. Азыр ал жакта туризм катуу өнүгүүдө. Эмил Ибаков көп иш алып барууда. Орден берүүчү киши. Чоң болобу, майда болобу өндүрүш иштеш керек.

Өткөндө мурунку бийликтерде иштеп жүргөндөр куран окутууда жолугуп калдык. Сүйлөштүк, чер жаздык.

Анан айтат бир үлкөн экс-кызматкер, "атаң көрүү мурун деле ушундай иштесек болмок тура", - деп.

Азыр деле кеч эмес туурасын туура деп, туура эмесин далил менен айтып, эл үчүн жардам берип, бийлик менен бирге эл үчүн, өлкө үчүн иштеп берели.

Кыргызстан жалгыз эле.

Өзгөчө экс-чиновниктер жок дегенде эми чукулабай, өзүбүз мурун кыйратпасак да, болуп аткан жакшылыктарга, жетишкендиктерге кол чаап коелучу.

Эл баарын билет кимдин ким экенин", - деп жазган Түлөбаев.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости