www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын биринде жашаган Эрмек өздөрүнүн көчөсүндөгү менчик мончого үй- бүлөсүн машинасы менен алпарган эле. Босогону аттап, мончонун ээсине акчасын жаңы эле бергени жаткан кезде, аялы наалымай адатын дагы карматып калбаспы:
— Ботом, баняңарды нормальный иштеткен күнүңөр болобу?
— Эмне болду, эже?
— Бирде пары өтө ысык болуп кетет. Бирде мелүүн. Акча албаткандан кийин жакшылап тейлегиле да. Эмне, акча асмандан жаап жатыптырбы? Жааса, айтчы… мен да терип алайын. Кийим чеччү жериңер да жакпайт. Тим эле чоң катындын көчүгүндөй тар.
— Эже, башкалар ыраазы болуп эле келип-кетип жатышат го. Бир эле сиз…
— Мен эмне?..
— Дайым эле наалый бересиз.
— Эмнеге наалыбайт экем?.. Айтам! Дейм! Сүйлөйм десем — сүйлөйм, тил өзүмдүкү. Же сенин тилиң менен сүйлөп жатыптырмынбы?
— Жакпаса, башка эле мончого барыңызчы.
— Барам эле… сенин баняңа, ылайым, иттер гана түшүп калсын!.. Св-волуч десе! Эшек десе! Кайра мага акыл үйрөтүп койот, былжырап. Сенин үстүңөн арыздансамчы, энеңдин тоюн таанып каласың. Уктуңбу? Клиент всегда прав!..
Аялынын кылдан кыйкым издеген жаман адатын билсе да унчуга албады Эрмек. Сабырдуулукка чакырган жок. Андан майнап чыкпасын жакшы билет. Ан үчүн унчукпай эле коюу абзел.
Ооба, дайым эле унчукпайт. Анан унчуга койом деп балээге калсынбы! Дароо узун тил автоматтай “тытырап”, уулуу сөздөр атылып келип өзүнө тийээри белгилүү. Айла жок, тилин тишине катат. Аялы ушунчалык урушчаак. Маршруткага түшсө деле айдоочу менен же жүргүнчүлөрдүн бири менен урушуп кетет. Ош базарын аралап бара жаткан учурларында тыгындан улам жөөлөшүп кеткендердин кимиси менен болбосун урушканы-урушкан. Мындай терс пейилин үйдө карматпайт дейсиңби? Кармата-ат. Карматканда да… Качан болсун күйөөсүнө нааразы: эл сыяктуу кабат-кабат үйлөрдү салбайт, тытынып оокат кылбайт, башкалардын күйөөлөрү бүт алтын кишилер, бир эле мунун бактысына дүйнөдөгү эң начар эркекти байлап берген кудайга да нааразы. Ал тургай, төшөктө да ыраазы эмес. Бирде “бат эле бүтүрүп койдуң” деп нааразы болсо, бирде “эртерээк бүтүрчү, өлүгүңдү көрөйүн” деп тилдеп жиберет. Айтор, Эрмек аялынын кур-жемесинен улам акыркы күндөрү өзүн төшөктө да кубатсыз эркек катары сезе баштаган.
Анан… бир күнү Эрмек Аселя аттуу жаш келин менен жумушу аркылуу таанышып калбаспы. Татынакай неме экен деп ичинен ойлоп койгону менен ал ой махабат сезимине айланып кетээрин күткөн деле эмес болчу. Таанышуу, бир-эки жолку баарлашып олтуруу, жашоо, турмуш, адабият, музыка тууралуу сырдашуулар бири-бирине жипсиз чырмап олтуруп, качан гана экөөнү мейманкананын жарашыктуу бөлмөсүнөн жолуктурганда, өчүп бараткан сезим оту кайра жангандай болду го, чиркин! Келин деле каршылык кыла албагандай деңгээлге жетип калган экен. Диванда өзүнүн бардык турпатын Эрмекке арнап жибербедиби. Кумары таркап бүтүп, душка кирип-чыккандан кийин:
— Сиз жашоодо гана адамгерчиликтүү болбостон, төшөктө да абдан мыкты эркек турбайсызбы!- деди ыраазычылыгын жашыра албай.
— Мм… менби?
— Ооба, сиз да…
Ошондон тартып экөө жолугушуп турушту анда-санда. Эрмектин болсо, кабагы жазылып, маанайы көтөрүлүп калды, мен деле сулууларга жагат турбаймынбы деп ичинен кудуңдап. Аялы сүйлөнсө да укмаксан. Бирөөлөргө баягы адатынча аны жамандап жатса терикпей, өз ою менен алек болуп жүрө берет. Ал тургай, мурда аялынын “жүдөмүш эркексиң, кебетең начар” деген сөздөрүнө ишенип, өзүнөн-өзү ирээнжип жүрсө, эми өзүн “красавчик” сезип, күзгүгө да кайра-кайра каранчу болгон.
Мына, 8-март деле келип калды. Эрмек ой көлүнө чөмүлүп олтурган болчу ушул учурда Аселяга кандай белек алперсем деп. Телефонунун вотсабына смс “дың” этип келгенде, тим эле жүрөгү туйлап кеткенсиди. Бекер чоочубаптыр. Күткөнүндөй болду. Смс Аселясынан экен:
“Байке, жакын арада сизге жолуга албайм. Эмне үчүн дебейсизби? Боюмда болуп калыптыр. Бирок, алдырып салдым. Ичим туз куйгандай ачышып, ыйлагым келип жатат. Төрөп деле алсам болмок. Намыстандым. Эрсиз төрөп алды деп туугандарым шерменде кылышмак. Сиздин дагы турмушуңузду бузгум келбеди. Кечириңиз! Өз алдымча чечим кабыл алгандыгым үчүн… Эми дарыланышым керек экен. Тыңыгыча сизге жолукпай койо турууну чечтим. Сиз жакшы кишисиз! Сизди сүйөм! Сиздин куттуу очогуңузду бузбай, балдарыңыздын бактылуу атасы болуп жашашыңызды чын жүрөктөн каалайм”.
Эрмек дендароо болуп олтуруп калды, мындай ойлорго чөмүлүп: “Аттиң!.. боюнан алдырып салган тура. Балким, ал кыргыздын керегине жараган мыкты адам болмок… Эх, каатчылык! Эгер биздин өлкөдө жашоо-шарт жогорку деңгээлге көтөрүлүп, акча табуу оңой болгондо, мен анын боюнан алдыртмак эмесмин. Боюна бүтүп калганбы деп өзүм да күмөнсүп жүрбөдүм беле. Көрсө, менин ички туюмум деле күчтүү тура. Ка-ап!..”
Орозбек БӨРҮГУЛОВ, "Ачык сөз"