www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сыймык Жапыкеев  Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн акыркы 10 жыл ичиндеги, тагыраагы 2009-жылдан 2019-жылга чейинки декларацияларын текшериши керек. Алардын жакындарынын жана досторунун кирешелери да текшерилүүгө тийиш. Бул тууралуу "Деньги и Власть" гезитинин башкы редактору Турат Акимов социалдык тармактарда жазды.

Анын айтымына караганда, банк эсептери менен карталардын эсебиндеги кыймылды жана банк ячейкалардын ачылышы текшерилиш керек. Ошондой эле, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнөн 2010-жылга чейин кимдин кандай жашагандыгын жана азыр 10 жылдан кийин кандай жашап жаткандыгын иликтөө керек.

«Эгерде байлыктын анормалдуу өсүшү байкалган болсо, анда аны соттун чечими менен мамлекеттин кирешесине алып коюу маселесин көтөрүш керек. Тергөө иштери жүрүп жаткан учурда бардык мүлкү камакка алынышы абзел. Бийлик жоопкерчиликсиз болбошу керек - 10 жылдан кийин деле кылган кылмыштары үчүн жооп бериши зарыл. Ушундай жол менен гана бийлик жооптуу боло алат, ал эми эл макоо эмес, акылдуу болот», - деп баса белгиледи Турат Акимов.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости