www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туристтердин акчасы кыргызстанда калса жаманбы?

Президент Садыр Жапаров оюн-зоок жайлары жөнүндө мыйзам долбоору боюнча билдирүү жасады. Ал өз сөзүндө «кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат.

Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы?

Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы «кара пиар» жасап жатышат» деп айтылат мамлекет башчысынын билдирүүсүндө.

Президент белгилегендей эле экономикабыз солгундап, оорчулук жаралып турган учурда колдоого татыктуу мыйзам болду. Туристтерден киреше алып келүү жолуна каршы чыккандар таң калдырат. Айрым популисттер жана динге жакын адамдар үчүн талкуулоочу тема табылып, катуу сынга алышууда. Бирок кантсе да туура чечим болду.

Булак: Азия News гезити

Последние новости