www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын шаарында баасы 500 000 сом болгон жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Нарын шаардык прокуратурасы 800 чарчы метр жер тилкеси турак жай куруу үчүн жеке менчикке мыйзамсыз берилгендигин аныктаган. Тактап айтканда Нарын шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жогорудагы жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылган.

Бул факт КЖБРга Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Аны менен катар эле прокуратура тарабынан Нарын облустук административдик сотуна жана Нарын шаардык сотуна мэриянын чечимин жана жер тилкесине берилген документтерди жокко чыгаруу боюнча доо арыз киргизилген.

Доо арыз соттун бардык инстанциялары тарабынан канааттандырылып, жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости