www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк Кызылайы тарабынан Израилдин блокадасы астындагы Газага жөнөтүлгөн дарыларды ташыган фуралар, шаардын түштүгүндөгү «Керем Эбру Салим» капкасынан кирди.

«Керем Эбру Салим» капкасындагы булактардан алынган маалыматка караганда, Түрк Кызылайы тарабынан жөнөтүлгөн дарыларды ташыган фуралар кечинде Газага жетти.

Түрк Кызылайынын башкы директору Керем Кынык жетектеген делегация болсо жардамдарды жеткириш үчүн кечээ Газага кирди. Делегация жеткенден кийин маалымат берген Кынык, Газага жеткирилген дары жардамынын 8,5 тонна болгонун айтты.

Газадагы Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги мындан мурдагы жарыясында шаарда саламаттык сактоо тармагы жок болуу стадиясында экенин айтып, чукул жардамга чакырган.

Түрк Кызылайы май айында да Газага дары жана медициналык материалдарды алып барып жардам берген болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости