www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү болгондой кыргыз циркиндеги ызы-чуу, коррупциялык абал акыркы он жылдан бери тынымсыз уланып келатат. Учурда ушундай абал менен цирк коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп турат. Бул жолу артисттердин көбү циркти 2004-жылдан бери башкарып келаткан Курмангазы Исанаев менен анын орун басары Дарья Кусейинованы коррупциялык иштерге айыптап, аларды кызматтан кетсин деген талап коюшту. Биздин кабарчылар циркке барып, бир катар аттуу-баштуу артисттердин пикирин угуп, ыры-чыры бүтпөгөн цирктин абалы менен таанышып келишти. 40 жылга жакын убакыттан бери циркте иштеп келаткан Мурат Акматов директор Исанаев жана андан мурунку директор да цирктин 4 кабат мейманканасын менчикке чыгарып алууга аракет жасап келатканын төмөндө айтып берди.

—Курмангазы Исанаев мейманкананы качантан бери менчиктештирүүгө аракет кылып жатат?

—Көп болду. Бул мейманкана 1976-жылдарга чейин эле цирктин имараты менен чогуу салынган. Мейманканада мурун үйү жоктор, алыс жактан келип иштегендер жашашчу. 50-60 орундук, төрт кабат мейманкана. Бирок акыркы жылдарды андай деле болбой калды. Циркти Жолдошбеков Таштан деген инсан 1988-жылдан 2004-жылга чейин башкарды. Ал киши да акырында бул мейманкананы акырын менчиктеп алууга аракет кылган. Бирок ою ишке ашпай калды. 2004-жылы Курмангазы Исанаев директор болуп келди. Исанаев акыркы жылдары Жолдошбековдун жолуна түшүп, мейманканага көз артып келатат. Бирок башка ык-малар менен документтерин тууралаганга ашыгып жатышканы байкалат. Мисалы, бул мейманкана циркке караштуу болсо да, документтерин башка бөлүп карашып, коммуналдык төлөмдөргө да министрлик аркылуу төлөнөт. Буга өзүнчө документ жасап алышкан. Бул боюнча директор 2016-жылдары комиссия түзгөн. Мен дагы ошол комиссиянын курамындамын. Мен канча жолу: “Мейманканада муктаждар жашасын, цирк үчүн гана пайдаланалы”,- деп айттым. Бирок менин сөзүмдү четке кагышып, директор учурда мейманканга каалаган адамдарды киргизип жатат. Арасында цирктин артисттери аз эле. Бекер жашашпайт. Суусуна, светине жана бөлмөнүн чарчы метрине жараша акы төлөйт. Азыр мейманканага кирип чыксаңыз, циркке эч тиешеси жок адамдардын жашап жатканын көрөсүз. Чынында мейманкана көптөн бери каралбай калган, ичинин тамтыгы чыгып кеткен. Терезелерин уй сарайдай кылып жыгач менен тосуп койгон. Каалоочулар бөлмөлөрдү оңдоп, терезе салып жашап жатышат. Акырында директор өзү түзгөн комиссияны жоюп салыш керек деп буйрук чыгарды. Себеби, комиссиянын артисттер жашасын деген чечимин жокко чыгаруу керек болду да. Биз цирктин мейманканасынын абалы тууралуу өкмөткө, министрликке, укук коргоо органдарына кат жөнөткөнбүз. Бирок эч бир жооп жок. Баары эле билмексен, көрмөксөн болуп тургансыйт.

—Циркке караштуу мейманканадан башка да жерлер, имараттар бар беле?

—Бар. Мурун Кара-Балта шаарында циркке караштуу 60 гектардай жер бар болчу. Цирктин чарбасы үчүн колдонула турган жер эле да. Ал жердин тагдыры эмне болгонун биз билбейбиз. Сурасак эле, баарын мурунку директор Жолдошбеков Таштанга шылтап кутулуп кетет. Жолдошбековдун көзү өтүп кеткен да, жок кишиге жалаа жаап коюу оңой турбайбы. Эгер көзү тирүү болгондо ал дагы өз чындыгын айтат эле да.

—Мейманкананын артындагы циркке караштуу жерлер дагы сатылып кетти беле?

—Туура, циркке караган жерлер болчу. Бирок ал жердин негизги аянтын мен жакшы билбейт экенмин. Жаңылбасам, 10-12 жыл мурун сатылып кеткен. Азыр ал жерге көп кабаттуу үй салынып калган. Мындан тышкары, цирктин күн батыш тарабындагы “Лимузин борбордун” чакан кеңсеси да циркке караштуу. Биздин билишибизче аны айына 5-6 миң сомго чейин ижарага берет. Бирок ал акча атайын документ жазылып, циркке түшпөйт, жетекчиликтин өзүнүн чөнтөгүнө түшөт. Бул эле эмес. Циркти айланып чыккыла, цирктин бөлмөлөрүндө жайгашкан бир нече кафе-ресторандарды көрөсүңөр. Алардын баарын Исанаев кытайларга берип салган. Кытайлар кафелердин атын кыргызча эмес, кытайча жазып алышкан. Бул жерде да оркойгон мыйзам бузуу жатат. Исанаев канча жылдан бери ошолордун ижарасынан чоң пайда көрүп, жыргап эле келатат. Мындай башаламандыктын баарын көрүп туруп, баары эле көрмөксөн болуп жатышат. Исанаев мени менен Бегалы Мурзалиевди жалган жалаа жаап жатат деп эки жолу сотко берип, сот эч нерсе таппай эки жолу утулган. Азыр да бизге бир нерсе таба албай, араң эле жүрөт.

—Түшүнүктүү. Цирктин ичине кирсек, абдан караңгы экен, андан да абдан сасык жыт мурунга уруп турат экен. Артисттерге иштөө кыйын эле экен да…

—Бул маселени да канчадан бери айтып жатабыз. Чынында цирктин ичине киргенде жарык жетиштүү болуп, жаркырап туруш керек эле. Бирок тилекке кар шы андай эмес, капкараңгы үңкүргө киргендей болосуң. Ал эми сасык жытка да айла жок чыдап иштеп жатабыз. Эмнеге дегенде цирктен желдеткич жабдыктары иштебейт. Аны да ар кайсы жерден кескилеп салышкан. Ушундан улам цирктин ичиндеги жыт укмуш эле. Мен силерге цирктин жер төлөсүндөгү канализацияны көрсөттүм. Жыл сайын эскирип, турбалар тешилип, сасык суулар жер төлөгө агып жатат. Исанаев келгенден бери эле ушундай. Ал суунун кесепетинен цирктин пайдубалы билинбей чөгүп жатат да. Кудай сактасын, бир күнү турбалар жарылып кетсе, кандай абалда калабыз? Циркти оңдоого Өкмөт 56 миллион сом бөлүп берген. Ал акчаны ары-бери жоготушту. Ал акча менен цирктин кайсы жери оңдолгону байкалбайт. Цирктин ичин болсо көрүп жатасыңар, киргенден чыкканча шашасыңар. Циркти ушундай ахыбалга алып келген Курмангазы Исанаев кызматтан алынбаса, биз Кыргыз циркин жоготуп алышыбыз мүмкүн. Бийлик бул маселеге тез аранын ичинде көңүл бөлүшү зарыл.

Айбек Шамшыкеев

Булак: "Багыт.kg"

Последние новости