www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Султанбеков жана Карамушкина эки айга камалды

Бүгүн, 15-ноябрда Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, үч жаран Бишкектин №1 тергөө абагында камалат.

Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча кылмыш ишин козгоп, Султанбеков, Карамушкина жана Түрксевер кармалган.

Милиция муну Султанбеков жетектеген партиянын шайлоо штабынын башчысы Карамушкинанын телефон сүйлөшүүсү боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштырган.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында турган Султанбековду, Карамушкинаны жана Түрксеверди көрүп чыккан. Т. Султанбеков аны 16 саат токтоосуз суракка алынганын, бул процессуалдык жактан мыйзамсыз экенин аларга билдирген. 

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоо жарышынан четтеткен.

Партия бул чечим менен макул эместигин жана Борбордук шайлоо комиссиясына даттана турганын да билдирген.

Последние новости