www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө 2 шайлоо участкасында добуш берүүнүн мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдиришти.

Маалыматка ылайык, добуш берүүнүн мөөнөтүн узартуу чечими Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы № 3023 жана Ак-Суу районунун Тепке айылындагы № 3092 шайлоо тилкелеринде келип чыккан техникалык жагдайларга байланыштуу кабыл алынган.

БШК жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында Ысык-Көл облусундагы төмөнкү 2 шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө токтом кабыл алды:

• №3023 шайлоо тилкеси - 2024-жылдын 17-ноябры, саат 23:00гө чейин;

• №3092 шайлоо тилкеси - 2024-жылдын 18-ноябры саат 20:00гө чейин.

Последние новости