www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анкаранын Башкы прокуратурасы Франциянын Charlie Hebdo сатиралык журналына каршы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын карикатурасы боюнча кылмыш ишин козгоду. 

Белгилүү болгондой, иш редакция кызматкерлерине карата козголгон. Аларга Түркиянын кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча президентти кемсинткендиги үчүн айып тагылды. 

Түркиянын Президентинин Администрациясынын Байланыш бөлүмү мамлекет адеп-ахлаксыз деп эсептеген карикатура жарыялангандан кийин, керектүү укуктук жана дипломатиялык чараларды көрө тургандыгын баса белгиледи. Анкаранын айтымында, "Европа барган сайын түрктөргө жана исламга болгон жек көрүүнүн сазына батып баратат".

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости