www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын ири шаарларында коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа жарыялады. Министр азыркы карантиндик чектөөлөр толугу менен сакталбаса, мындан да оор чараларды кабыл алууга мажбур болорун белгиледи.
Министрдин айтымында, COVID-19дун жаңы толкуну Түркиянын батыш тарабында жайгашкан Стамбул, Бурса, Кожаэли, Измир шаарларында катталууда.
Өлкөнүн 15 провинциясындагы оорулуулардын саны 50%га өсүп, Стамбул, Анкара сыяктуу ири шаарлардагы реанимациялардын 70%дан ашыгы толуп калган.
Министр азыркы чектөөлөр менен вирусту токтото албаса, Түркия бийлиги катаал чараларды колдонууга өтөрүн белгилейт.
Түркияда 467 миң 700дөн ашык адам коронавирус менен катталган, анын 12 миң 900дөйү оорунун курмандыгы болгон.
Булак: NazarNews.kg