www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билесиздерби, кыргызстандын жолун куруу боюнча тендерден утуп алган түрк фирмасынын башчысы Йылмаз Хун Эртугрул эл аралык издөөдө жүргөн киши болуп чыкты.

Аны олуттуу алдамчы деп биздин өлкө дагы, кошуна Өзбекстан дагы айыптоодо. Бул киши   издөөдө экени коомчулукка белгилүү болгондон кийин, Кыргызстандын  жолун курууда миллондордун уурдалганы белгилүү болгонсуйт. Бул коррупциялык ызы-чууга биздин өлкөбүздүн Транспорт жана жол министрлигинин жетекчилиги да аралашкан.

Бул кылмыш схемасы Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан аныкталган. Финполдун берген маалыматында, Түркиянын курулуш компанияларынын жетекчилери менен Транспорт жана жол министрлигинин өкүлдөрү алдын ала бүтүм чыгарып, жасалма документтерди даярдап, бааларын  ашырып, ашыкча нерселерди кошуп, тендерди да алдамчылык менен өткөрүшкөн. Жыйынтыгында мамлекетке 400 млн сомдук зыян келтирилген.

Ошол эле компаниянын жетекчиси Ислам өнүктүрүү банкынын каражатынан 4 млн долларды уурдап алган деп шектелүүдө, бул алдамчылыкка ал Транспорт министринин катышуусу жок бара алмак эмес.               

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын маалымат катчысы  “Учурда “алдамчылык” боюнча тергөө иштери жүрүп жатат”, -деп билдирди.

Йылмаз Хун Эртугрул эл аралык издөөдө жүргөн кезинде Кыргызстанга жол куруу үчүн тендерди утуп алууга жетишкен. Ал, Транспорт министрлигинин жетекчилиги менен миллон долларларды бөлүшкөн. Ошонун кесепетинен жолдор курулбай, жумушчулардын эмгек акылары төлөнбөй калган.

Көптөгөн гранттар, кредиттер текке кетти, эми болсо түрктөр өкмөткө, мамлекеттик органдарга маалыматтык чабуул жасап жатышат.

Транспорт министрлигинин жетекчилигине кулак түрө турчу,  өзгөчө  суроо жаралат, кантип  эл аралык издөөдө жүргөн кишинин компаниясын тендерден өткөрүп койду деп. Анан, эмне үчүн Транспорт министрлиги кылмышкердин иши айкын көрүнүп турса да, ага ушул убакытка чейин колдоо  көрсөтүп келген?..

Айрым  маалыматтарга караганда, Транспорт министри Бейшенов бүгүн жумуш ордунда болгон эмес. Ал качып кеткен эмеспи деги?..

Владимир Петров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости