www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Борбордук Азияда XIХ-кылымдан баштап тымызын геосаясий согуш жүрүп жатат», - деди бүгүн, 9-июлда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турсунбай Бакир уулу.

- Турсунбай агай, кечээ жакында эле ажо бейөкмөт уюмдар тууралуу талаштуу мыйзамга кол койду. Эми сырттан келген каражатка отчёт бербейбиз, уюмда иштеген кызматкерлердин так санын айтпайбыз деп жарандык коом президентти сындап жатып калышпайбы?     

- 2020-жылы программабыздын окшоштугунан Садыр инимдин пайдасы үчүн президентикке аттанбайм, Президенттик шайлоодон талапкерлигимди алып салып жатам дегеним эсиңердедир. Мына Ак үйдү курчап турган темир тосмону алып салганынан баштап бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамга кол койгонуна чейин менин көз караштарыма дал келди.

Буюрса, ЭрК партиясы быйылкы парламенттик шайлоодон өтүп калса бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамды андан да күчөтөбүз. Чет өлкөлүк агенттер (бейөкмөт уюмдар) жөнүндө мыйзамдын долбоорун биз, Мадалиев Нуркамил, Надира Нарматова жана мен, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында сунуштаганыбызды жана ал долбоорду өткөрбөй коюшканы коомчулуктун эсинен чыкпагандыр.

Буюрса президент кол койгон мыйзамдын жардамы менен «сырттан түшкөн акчанын эсеп-кысабын бербейбиз, башка маалыматты да бербейбиз» деп бейөкмот уюмдар ызуу-чуу кылышса мыйзамды бузгандыгы үчүн кылмыш иши ачылат.

Буюрса, жогоруда биз жазган мыйзамды да колдотуп алсак, бейөкмөт уюмдар «чет өлкөлүк агент» деп таанылат жана алардын ишмердүүлүгү чектелет.

- Айтканыңызга ынаналы, президент кол койгон мыйзам акча жана материалдык каражаттарды акысыз негизде алган коммерциялык эмес уюмдардын иш-аракетинде ачык-айкындуулукту орното алабы?

- Бейөкмөт уюмдардын басымдуу бөлүгү өзүнүн уставына жана программасына ылайык иштеп, мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жетпей жаткан социалдык иштерди аткарып жатышат. Бирок беш кол тең эмес дегендей 20-30 чакты бейөкмөт уюмдар уставында, конституцияны да, мыйзамдарды да бузуп, чет өлкөдөн келген каражаттар аркылуу мамлекеттин саясатынада кийлигишип жатышат. Мына ошолорду мамлекет эми көзөмөлгө ала алат. Буга чейин андай бузуку уюмдар эч кимге баш ийишчү эмес.

- Эмне үчүн акыркы мезгилде бей өкм өт уюмдар, батыштын саясатын колдогон жарандар кандай маселе жаралбасын, митинг өткөрүп, нааразычылык акциясына чыгууну адатка айлантып алышты?

- Конституцияны да, өздөрүнүн уставын да бузуп иштейт деген 20-30дай бейөкмөт уюмдар акыркы мезгилде ашыкча саясатташып, гей-параддарды да, кыз-келиндердин башын айландырган митингдерди да, саясий пикеттерди, митингдерди да уюштуруп өтө активдешип кетишти. Алар чет өлкөдөн алган каражаттарын жашыруу үчүн 2-3 саясий партияларды да түзүп алышып, партияга жамынып, максаттарын тымызын ишке ашыруунун аракетин көрүп жатышат. Чет өлкөлүк кожоюндарынан акчаны көбүрөөк алуу жана алардын саясий буйрутмаларын аткаруу үчүн, элим айтмакчы, атын чыгаруу үчүн кыргыз жерин өрттөп жатышпайбы!

- Батышчыл күчтөрдүн максаты эмне?

- Борбордук Азияда XIХ-кылымдан баштап тымызын геосаясий согуш жүрүп жатат. Орус империясына геосаясий согушту уткурган Батыш өлкөлөрү 1917-жылы жана андан кийинки жарандык согушта кайра активдүү аракеттерди жасашууда. Тагыраагы, СССР урагандан кийин геосаясий согуш күчөдү. Эми ал согушка Кытай, Түркия, Иран кошулушту. Башкача айтканда, биз өзүбүзгө гана керек эмеспиз. Бизге, биздин өлкөгө кызыккандар көп. Болгону арам ойлуулардан, иш-аракеттери таза эместерден алысыраак болушубуз абзел!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости