www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин шейшемби күнү үч күндүк визит менен Пхеньянга келди. Аба бекетинен аны Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзү тосуп алды. Андан соң Мун Чжэ Ин менен Ким Чен Ын бир автоунаага отуруп, сүйлөшүүлөр өтө турган "Пэкхвавон" резиденциясына сапар алышты. Эки президент бараткан кезде көчөгө тизилген миңдеген түндүк кореялыктар "Биригүү" деп кыйкырып турушту.
Бул Түштүк Кореянын президентинин кошуна өлкөгө жасаган акыркы 11 жылдагы биринчи сапары. Жолугушуунун күн тартибинде Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасын токтотуу, Вашингтон-Пхеньян жана эки Кореянын мамилесин жакшыртуу маселелери бар.
Бул эки лидердин быйылкы жылдагы үчүнчү саммити. Ага чейинки жолугушуулар апрель жана май айларында өткөн. Апрелдеги жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери согуш абалындагы жагдайга расмий чекит коюучу Тынчтык келишимине жетишүү ниеттерин билдиришкен. Мындан тышкары алар Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтуу тууралуу жарыялашкан.
Мун Чжэ Ин менен Ким Чен Ындын акыркы жолугушуусу 12-июндагы АКШ-Түндүк Кореянын саммитинин алдында болгон.
Булак: "Азаттык"