www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаев президент болуп, мамлекеттин эки тизгин, бир чылбырын кармап турганда жылдызы жанып башкы прокурорлук кызматты ээлеп, түкүрүгү жерге түшпөй калган Аида Салянова: "Атамбаевдин бийлиги кылмыштуу бийлик болгону талашсыз", - деп уккандын кулагын үркүттү. Уят такыр жок тура. Андай болсо кылмыштуу бийликте, кылмыштуулукка каршы күрөшкөн башкы прокурор катары табакташ болуп эмнеге иштеди деген суроо туулат.
Парадокс. Акылдуусунуп сүйлөп жатканда артына бир кылчайып карап койбойбу?.. "Саясий сойкулукту" өнөр кылып, төө кыядан өткөн соң кылтыңдагандан табаар пайдасы эмне болду экен?.. Бет тырмаган жандимиликтин да чеги болуш керек го. Эгер Атамбаевдин бийлиги кылмыштуу болгон болсо, кылмыштуулукка каршы күрөшкөн, мыйзам бузууларды көзөмөлдөгөн башкы прокуратураны жетектеп туруп билмексенге салып, ал түгүл табакташ болуп чогуу бир казанда кайнаган жоругу үчүн жооп берүүгө туура келет.
"Ак карга" болгусу келген жосунсуз максаты суу кечпейт...
Булак: "Фабула"