www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эми тышкы карызды бетке кармаган саясатка негиз жок сыяктуу. Мындай уккан кулакты сүйүнтө турган жаңылыкты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, бүгүн 27-сентябрдагы, өлкөнүн бюджетин талкуулаган өкмөттүк жыйында айтып өттү.
Бул боюнча, өкмөт башчынын келтирген жүйөлөрүнө ишенсек, мурда сырттан келген гранттар, насыялар ички булактардын жоктугунан улам белгилүү бир зарылчылыктарды жабууга жумшалып кетчү. Учурда болсо, тышкы карызды тейлей турган так ченемдер бюджетке киргизилиптир.
Мындан улам карыздын эсеби, 2018-жылы 48 пайызга азайса, 2019-жылдын аягына карата 46,5 пайызга кыскарары күтүлсө, 2020-жылы ал 43,5 пайызга түшөрү болжолдонгон.
Албетте карыздын көзгө көрүнөрлүк өзгөрүп жатканын өкмөттөн бөлөк эч ким айта элек. Анткен менен кайсы бир негиздерге таянып, карыз күн санап өсүп жатканына коңгуроо каккан экономистер четтен табылат.
Булак: NazarNews.kg