www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кубанычтын даамын бирөөгө сүйүнүч тартуулагандар гана сезет.
(Карл Барт)
Адам жыргал үчүн эмес, кубаныч үчүн жаралган.
(Поль Клодель)
Майда кубанычтарга сүйүнө бил. Канчандыр бир кезде дал ушулар чыныгы жыргал экенин билесиң.
(Роберт Браулт)
Достору кайгырып турганда көңүл айткан баарынын эле колунан келет, бирок досунун кубанычын тең бөлүшкөнгө аз гана киши жөндөмдүү.
(Оскар Уайлд)
Мени сүйүнтчү! Эч болбосо көңүлүмдү чөгөрбөчү!
(“Симпсондор” мультфильминен)
Мен жөпжөнөкөй нерсени: өзүм киргенде адамдар сүйүнүп кеткенин каалайм.
(Марина Цветаева)
Эч ким жок жерде ыйлаш керек. Ошондо гана жандүйнө ырахатын аласың.
(Януш Леон Вишневский)
Жылмаюунун баары эле кубанычты билдирбейт, көз жаштын баары эле кайгыны билдирбейт.
(Анотоль Франс)
Чоң кубанычтарга караганда майда кубанычтар кыйла маанилүү.
(Рэй Бредбери)
Кубаныч натыйжада эмес, процессте пайда болот.
(Джеймс Дин).
Булак: Азия News гезити