www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уялчаак «Шрек» убайымга батканда...

Жогорку Кеңештин жоболоңдуу депутаты Жолдошбаев деген эргулду тааныбыгандар жок болсо керек. Уяты жоктор эле тааныбайм дебесе, уяттуулардын баары тааныйт.

Анткени Камчыбек Жолдошбаев жакынкы күндөрдөн бери уялуунун символу боло баштады. Жогорку Кеңештин трибунасына туруп алып «Мен депутаттардын маршруткада жүргөнүнө уялып, шапкемди баса кийип алып Ак үйгө кирип кетем» дегени кылымдын сөзүнө айланат окшойт. Оргу-баргы, аңги-дүңгү, зөөкүр деп жүрсөк Жолдошбаевде деле жан дүйнө, уят бар тура. Анысы барын өзү айтпаса биз кайдан билели. Элдер көчөдөн шапкесин баса кийген күлтүйгөн бирөөнү көрсө эле Жолдошбаев окшойт деп калышты.

Баса, балдар жадабай көргөн «Шрек» деген мультфильм бар го, ошол Шрек да өлө уялчаак эмес­пи. Биздин аниматорлор эми ошол Шрек сыяктуу кызыктуу мульт­фильм тартабыз дешсе каарманы да даяр. Балким Жолдошбаев өзү деле үн коштоп берээр, шапкесин баса кийип алып. «Уятыңа баракелде» деген аталышта болсо ээ…

Булак: "Де-Факто"

Последние новости