www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2-мартта Бишкекте Конституциялык палатанын форумуна катышкан, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков экс-президентти жарга такады. Ахматбек Келдибеков, жыйында бир катар кыргыз экономикасынын өсүшү жана ТЭЦ боюнча мисалдарды келтирди. Сот менен прокуратура системасы боюнча аябай көп көйгөйлүү маселени баса белгилеп көрсөттү. Бул тууралуу пикирин жыйындын катышуучусу “Теңир Тоо” ынтымак коомунун жаштар төрагасы, активист Урмат Акунов билдирди.
Буга далил катары соттогу туура эмес кадамдар 6 жыл мурун башталгандыгын буга далил катары прокуратуранын “п” тамгасын билбеген адамдарды прокурор кылгандын жана кыргыз элине “бөрк ал десе баш алган” тажрыйбасы жок, бийликтин кадырын түшүргөн бийлик менен элдин ортосуна ажырым келтирген кадрларды тандагандыгын жыйындар залында Ахматбек Келдибековдун айбат берип сүйлөгөнү, эл үмүттөнгөн революциядан жыйынтык болбогондугун жана бүгүнкү күндө жалпы элдин үмүтү сотторго карата өчкөндүгүн баса көрсөтүп, Убактылуу Өкмөттүн президенти Роза Отунбаевага ток этээр жерин айтты.
Ал тургай Роза Отунбаевага кайрылып, Топчубек Тургуналиев, “бул жерде Роза айымга апрелдеги революциядан кийин дүйнөлүк тажрыйбаны эске алып, бийликти тазалоо боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылгам. Тилекке каршы Роза айым баш болгон Убактылуу Өкмөт дагы жактырбай койгон. Себебин кийин түшүндүм, көрсө биз оппозицияда жүргөндө “биз тазабыз, ушуну менен күрөшөбүз”, деп кыйкырып эле бийликке келгенден кийин үнүбүз чыкпай калат экен. Көрсө, ошондо бийликке келген биздин дагы арабыз, таза эмес экендигин кийин түшүндүм, деди Топчубек Тургуналиев.
Менин оюмча бүгүнкү жыйынга катышкандардын нараазчылыгы мурдагыдай президентке эмес, сот тармагына болду. Эми сот тармагындагы килтейген катачылыкты, Сооронбай Жээнбеков түздөп кетиши керек, деп кошумчалады жыйындын катышуучусу “Теңир Тоо” ынтымак коомунун жаштар төрагасы, активист Урмат Акунов.
Булак: NazarNews.kg