www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уюлдук телефон уурдап жүргөн адам кармалды

Уюлдук телефондорду уурдап жүргөн деп Чүй облусунун 32 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин Токмок шаарынын ИИБнө 52 жаштагы Б.А. аттуу жаран арызы менен кайрылган, ал арызында белгисиз жагдайда сумкасынан уюлдук телефонун уурдатып алгандыгын билдирген, жана андан тышкары Токмок шаарынын тургуну Д.К.аттуу жаран дагы арызы менен кайрылган, ал токтоп турган “Мерседес-Бенc” унаасынын салонунан уюлдук телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирип, аларга мыйзам түрүндө чара көрүүнү
суранган.

Бул фактылар Токмок шаарынын ИИБнүн КЖБР Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурдоо) фактысы менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Токмок ШИИБнүн кызматкерлери тарабынан, аталган кылмыштарга тиешеси бар деп, 32 жаштагы Ч.А. деген аттуу жаранды кармашкан, ал Чүй облусунун тургуну болуп чыкты. Кармалган адам Токмок ШИИБнө жеткирилип, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости