www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК Баткен облусундагы айрым жеке менчик автомектептерде курсанттарды мыйзамсыз каттоо боюнча коррупциялык схеманы аныктаганын билдирди. Маалыматка ылайык, автомектеп жетекчилери жарандарды Кыргызстандын аймагында болбосо да окууга жасалма каттап, теориялык жана практикалык сабактар өтүлбөстөн окууну аяктаганы тууралуу документтерди тариздеп келишкен.
Натыйжада жол эрежелерин жетиштүү билбеген же айдоо тажрыйбасы аз адамдар сертификат алып, айрым кызмат адамдарынын жардамы менен экзамендерден өтүп, айдоочулук күбөлүк алууга шарт түзүлгөн.
Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө чет өлкөдө жүргөн жарандардын автомектептерге системалуу түрдө кабыл алынганы боюнча кошумча материалдар алынган. Учурда схеманын башка катышуучуларын аныктоо, мыйзамсыз берилген айдоочулук күбөлүктөрдү жокко чыгаруу боюнча тергөө иштери уланууда.