www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын коргонуу өнөр жайынын гиганты ROKETSAN компаниясы Сауд Арабиясынын борбору Эр-Риядда өтүп жаткан Дүйнөлүк коргонуу көргөзмөсүндө (WDS) жаңы муундагы EREN көп максаттуу ок-дарыларды биринчи жолу көрсөттү.
Түркиянын ок-дары, ракета жана ракеталык системалар боюнча алдыңкы өндүрүүчүсү 8-12-февраль аралыгында өткөн көргөзмөгө продукцияларынын кеңири түрү менен катышты. Көргөзмөгө коюлган продукциялардын арасында: кичинекей акылдуу ок-дарылар MAM-C, MAM-L жана MAM-T; абадан кургактыкка атуучу баллистикалык суперсоник ракета ИХА-230; кыска аралыкка атуучу танкка каршы курал Karaok; Çakır канаттуу ракетасы; SOM ок-дарысы; Sungur абадан коргонуу ракеталык системасы; Hisar-O абадан коргонуу ракетасы жана узак аралыкка атуучу абадан жана ракетадан коргонуу системасы Siper орун алды.
Roketsan өзгөчө Bora, TRG-230 жана TRG-300 ракеталарын, ошондой эле KMC тактикалык ракетаны учуруучу система жана Burc мобилдик аба коргонуу системасын да көрсөттү.
Бир жылдан аз убакыттын ичинде даярдалды
Компаниянын билдирүүсүндө, концепция стадиясынан колдонууга даяр продуктка айлануусу бир жылдан аз убакытты алган жергиликтүү EREN ок-дарысы, көп максаттуу Bayraktar Akıncı учкучсуз согуштук учагында сыноодон өткөнү белгиленди.
Бул жылы сериялык өндүрүшкө кириши күтүлүп жаткан EREN жогорку ылдамдыктагы көп максаттуу "кезип жүрүүчү" (камикадзе) ок-дарысы, Түрк куралдуу күчтөрүнүн жана дос/өнөктөш өлкөлөрдүн оперативдик муктаждыктарын канааттандыруу үчүн иштелип чыкты.
ERENдин техникалык мүнөздөмөлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү
EREN учкучсуз учуучу аппараттардан, тик учактардан, кургактагы унаалардан, стационардык кургактагы системалардан жана деңиз платформаларынан учурулушу мүмкүн. Ок-дарылардын башка көрүнүктүү өзгөчөлүктөрүнө төмөнкүлөр кирет:
Буталардын түрдүүлүгү: төмөнкү ылдамдыктагы аба буталарын, ошондой эле кургактагы брондолгон жана брондолбогон буталарды жок кылуу жөндөмдүүлүгү.
Атуу аралыгы: Roketsan маалыматтары боюнча, операциялык аралыгы 100 километрден ашат.
Багыттоо: Өркүндөтүлгөн багыттоо мүмкүнчүлүктөрү жана жасалма интеллект колдоосу.
"Жаңы операциялык сегмент"
Roketsan компаниясынын башкы менеджери Мурат Икинчи ERENге байланыштуу: “Абадан кургактыкка, кургактыктан кургактыкка жана кургактыктан абага буталарга каршы эффективдүү боло ала турган, үнөмдүү ок-дарыларды иштеп чыгууну максат кылуудабыз", - деди.
Башкы менеджер Икинжи EREN учкучсуз учуучу аппараттардын сокку уруу күчүн жогорулатаарын, автономдуу системаларды жана брондолгон унаалар менен бирге кургактагы платформалардан жогорку натыйжалуу соккуларды жасоого мүмкүндүк берерин кошумчалады.
Ок-дарынын курамындагы жасалма интеллект алгоритмдери, өнүккөн учууну башкаруу сенсорлору жана турбореактивдүү кыймылдаткычы жаңы оперативдик мүмкүнчүлүктөрдү ачканын белгилеген Икинжи; учкучсуз кургактагы аппараттарга, сооттолгон платформаларга жана жакынкы абадан коргонуу системаларына интеграциялоо иштери уланып жатканын, келечекте учактарга да орнотулушу мүмкүн экенин билдирди.