www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги социалдык тармактарда тарап жаткан Каракол шаарындагы көп кабаттуу турак жайдын курулушуна байланыштуу видео боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

Аталган видео Каракол шаарынын Тоголок Молдо жана Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан Мамлекеттик ипотекалык компанияга тиешелүү көп кабаттуу турак жайлардын курулуш аянтчасында тартылган.

Бүгүнкү күндө Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, курулуш нормаларына жооп бербеген газоблоктор толук демонтаждалды. Демонтаж иштеринин жыйынтыгында объект курулуш ченемдери жана техникалык талаптарга ылайык калыбына келтирилди.

Аталган факт боюнча подряддык уюмга мыйзам чегинде тиешелүү көрсөтмөлөр берилди. Учурда курулуш иштери бекитилген долбоордук-сметалык документацияга ылайык жүргүзүлүүдө.

Министрлик курулуш тармагындагы сапат жана коопсуздук талаптарынын так сакталышын өзгөчө көзөмөлгө алат. Аныкталган ар бир мыйзам бузуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Курулуш министрлиги жарандарды курулуш объектилеринде мыйзам бузууларды же кемчиликтерди байкаган учурда, фото жана видео материалдар аркылуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин ишеним телефонуна (WhatsApp) билдирүүгө чакырат.

📞 Ишеним телефону (WhatsApp): 0 (221) 328-256

Последние новости